Нарын. Нарында “Мегаком” уюлдук компаниясынын байланышы үзгүлтүккө учурады
Бүгүн эртең мененки
саат 8:00дөн баштап Нарын районунун аймагында “Мегаком” компаниясынын
байланышы үзгүлтүккө учурады. Компаниянын аймактык тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин
айтымында, кезектеги оңдоп-түзөө иштеринен улам байланыш убактылуу
токтотулду. Бүгүн кечинде техника жагынан тейлөөчү кызматкерлер "байланыштын
баштапкы абалындагыдай иштөөсүнө аракет кылабыз. Техникалык себептерден
улам аймакта түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз" деп билдиришти алар.