Бишкекте 25 жаштагы айдоочу унаасы менен окуучу кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 1-июнь күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда 25 жаштагы Ж.Т. аттуу айдоочу Хонда Ария унаасы менен жолду кесип өтүп бара жаткан 12 жаштагы кызды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабыркаган мектеп окуучусу ооруканага жеткирилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.