2015-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүү киргизүү сунушу жактырылды

"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу жактырылды. Мындай чечим өкмөттүн 2-июндагы кезексиз жыйынында кабыл алынды. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин билдиришинче, өзгөртүү киргизүү республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн азыркы абалына байланыштуу киргизилүүдө.
"2014-жылы ички дүң продукциянын өсүү темпи жайлады жана күтүлгөндөй 4,5 пайызды эмес, 3,6 пайызды түздү. Мындай шартта 2015-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү күтүлгөндөй 6,2 пайыз эмес, 2 пайыздык деңгээлде болору күтүлүүдө. Буга айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүүлөр тармагындагы өсүштүн жайлаганы себеп",- деп билдирди министр.
Долбоордо республикалык бюджеттин жалпы кирешесин көбөйтүү жагы каралууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан