Бишкекте 9 жаштагы бала чупа-чупс жутуп алып, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июлда Эне жана баланы коргоо борборуна 9 жаштагы бала ичи ооруп жатканын айтып, кайрылган. Ал шаардык балдар ооруканасына жөнөтүлгөн.
Дарыгерлер анын ашказанынан чупа-чупстун таякчасын аныктап, гастроскопиянын жардамы менен ашказандан таякчаны чыгарып алышкан.
Баланын абалы канааттандырарлык, ал үйүнө чыгарылды.