Эркин Сакебаев: "Миграция жаатындагы саясат дыкат иштелип чыгышы керек"

"Миграция жаатындагы саясат эмгек миграциясынын бардык катышуучуларынын ортосундагы мунасанын негизинде иштелип чыгышы керек",- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Сакебаев 2-июнда “Борбор Азиядагы миграция маселелери” аттуу конференцияда. Сакебаев кыргыз мамлекети Евразия экономикалык биримдигине кирип жатканына байланыштуу Жогорку Кеңеш ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркин жүрүшүнө жана эмгектенишине байланышкан маселелерди чече турган келишимдерди ратификациялаганын белгиледи.

Депутат 2003-жылы апрелде Кыргыз Республикасы киши сатууга каршы багытталган негизги эл аралык актыларды ратификациялаганын, кыргыз өлкөсү негизинен киши сатуудан жана "тирүү товарды" алып чыгып, ташуудан жабыр тарткан адамдардын мекени экенин белгиледи. "Тажрыйба өлкө ичинде адамдарды ташып өтүү бар экенин көрсөтүп турат. Эркектердин жана аялдардын эмгегин жеген эзүү, ошондой эле аялдарды жыныстык жактан пайдалануу эң кеңири тараган көрүнүш болуп саналат. Жаңы төрөлгөн жана кичинекей балдар сатылып кеткен учурлар бар",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан