Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп
Күмүшбек Шаманов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр
Темир Сариев кол койгонун 3-июнда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Шаманов буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.