1-июнда 36 жаш курагында каза болгон кыргыз жериндеги эң узун бойлуу адам
Жеңишбек Райымбаевди жерге берүү зыйнаты өтүүдө.
Маалым болгондой, анын сөөгү бүгүн, 3-июнда өзү туулуп-өскөн Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында жерге коюлат. Жеңишбек Райымбаев 1979-жылы Ак-Кыя айылында жарык дүйнөгө келген. Анын боюнун узундугу 2 метр 32 сантиметр болгон.