2014-жылы кыргыз мамлекетинин 42 миң жараны аты-жөнүн же туулган датасын өзгөрткөн. Бул тууралуу бүгүн 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова билдирди.
"Өлкөдө 40 миң паспорт мыйзамсыз берилгени тууралуу маалыматка ээ эмесмин. Өткөн жылы 42 миң биздин жаран персоналдык маалыматтарын алмаштырган. Алардын арасында мыйзамсыз паспорт алгандар болушу мүмкүн",- деди Шаикова. Мындан тышкары ал депутаттарга Кыргыз Республикасында ар бир жаран өз персоналдык маалыматтарын өзгөртүүгө укуктуу экенин эскертти.
Айта кетсек, буга чейин өлкөдө мыйзамсыз берилген паспорттордун саны 40 миңге жеткени маалым болгон. Паспортту мыйзамсыз алуу үчүн жарандар 200 доллардан 1500 долларга чейин акча төлөшкөнү да айтылган.