Кыргыз Республикасында ар бир жаран паспортундагы аты-жөнүн же туулган датасын өзгөртүүгө укуктуу, бирок паспорттогу жеке идентификациялык номерин (ПИН-код) өзгөртүү мыйзам бузуу деп саналат. Бул тууралуу бүгүн 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, мыйзамга ылайык, жеке идентификациялык номерин өзгөрткөн жаран жоопкерчиликке тартылат. "Адам төрөлгөндө ага жеке ПИН-код берилет. Ал бул номер менен өмүр бою жашашы керек. Былтыр 6 миңге жакын адам жеке идентификациялык номерин өзгөрткөнү аныкталды",- деди Сарпашев.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова бул маселени чечиш үчүн ЗАГСта (жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмү) бирдиктүү база түзүү керектигин айтты.