“Бишкекте мэриянын кызматкери 14 жашар баланы кулпунай сатканы үчүн ур-токмокко алды” дейт шаар тургуну

2-июнь күнү Бишкекте мэриянын кызматкери Эркин Бактияров 14 жашар баланы апасынын көзүнчө ур-токмокко алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда SUPER.KG порталына шаар тургуну Каныкей Акирова билдирди. Анын айтымында, окуя Чыгыш-5 кичи районундагы чакан базардын жанында орун алган.

Кичи базардын жанында дайыма ар нерсе сатып отургандар бар. Ошол күнү Н.Исаматова да өзү өстүргөн кулпунайын 7-класста окуган баласы экөө сатып жаткан. Мэриянын кызматкери 3 сатуучунун арасынан дал ошол эжеге барып, орунду тезден бошотууну талап кылды. Көчөдө өтүп бараткан адамдардын көзүнчө аялды оозго алгыс сөздөр менен кемсинтип, кулпунай салынган чаканы көңтөрүп, таразаны сындырып жана айымдын 14 жашар баласын ичке тепти.

Кийин белгилүү болгондой, мэриянын кызматкери райондук ички иштер бөлүмүнө өзү биринчи барып, аны бирөө сабагандыгы жөнүндө арызын таштаган.

Бул окуяда эң жийиркеничтүүсү - аялды баласынын көзүнчө кемсинтүү жана баласын апасынын көзүнчө сабоо”,- дейт шаар тургуну.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
mirana9395
2015-06-04 09:21:55
Ииии акмак колун сынгыр,сага окшоп арам акча тапкан жокко акыры.алардын оз мээнети неге уруп кемсинтет,кудайым озу жазаласын мындай адамдарды.
+10
MoXiTo
2015-06-04 09:25:31
мындайлар азыр толтура күчүн бей бечарадан чыгарышат.
+5
urmat-87
2015-06-04 09:26:04
мериянын кыматкари болсо эле не тепкилей бериш керекпи бул жигитти да коросунор аркасы калың болсо эч нерсе корбогондой кайра ишин улантат калыс карап туура чечим чыгарышын каалайм мериянын кызматы жазасыз калбайт деген умуттомун.
+6
Gema
2015-06-04 09:49:10
Уяты жок!!!эгер чын эле ошондой болгон болсо..
+3
kobra86
2015-06-04 09:58:54
Окмот эмне эле жашы жете электерге зордук зомбулукту токтото албай жатат десе ХХХ оздорундо турбайбы.
+6
admin_portal
2015-06-04 15:19:05
kobra86 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
kama_future_millioner
2015-06-04 10:00:17
Жиндиигооо
+3
nurchik05
2015-06-04 10:14:34
Келип келип кучу 14жашар бала менен аял кишиге жеттиби акмак анчалык кыйын экенсинер мериядагылар ошол жердегилердин баарына места таап берип койгула да ага окшогон акмактарды соттош керек
+3
tynara81
2015-06-04 10:21:50
Өкүнүчтүү окуя... Ал байкуштар милицияга арыз менен кайрылышты бекен же жанагы зөөкүр милицияга өзү биринчи барыптыр дейт, алар кайра күнөөлүү болуп калышпаса болду. Супер инфо, ушул окуяны аягына чейин иликтеп, ошол байкуштарга жардам бере аласыңарбы...
+3
admin_portal
2015-06-04 11:27:57
tynara81, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
fanatka19
2015-06-04 10:42:54
ХХХ ХХХ ХХХ урсун!
0
admin_portal
2015-06-04 15:20:19
fanatka19 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
jetinur90
2015-06-04 10:44:57
Эгер жен ичинен бутчудой болсо иш,бул ардактуу баатырды издеп таап,колдон келишинче сыйласам жарашчудай экен.
+1
kobra86
2015-06-04 10:58:37
jetinur90, анда соннун болмокта
+2
Sezim.A
2015-06-04 12:25:04
Акмак экен,жерлерди гектарлап мыйзамсыз сатып жургондорду тээп урбайсынбы,закону на тупурдум сенин.Оз баланды, аялынды коюп корбойсунбу ушулардын ордуна.Айтат эмеспи,арам тамак жеген кудайды да эстетпейт.Кана сени да ошондой аял адалэмгеги менее бакканда мындай жолго барбас болчун!
+2
chalkan
2015-06-04 13:18:41
Этика, эстетиканы билбеген, ХХХ ХХХ ХХХ..., партиянын күчү менен келген сөрөй турбайбы. Буга таң калыштын кереги жок, бийликтегилердин көбү ушундай.
+2
admin_portal
2015-06-04 15:21:25
chalkan - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт.
0
Mr.enriiko
2015-06-04 14:00:57
Ээ муну тарбиялаш керекгоо. Опкосун узуш керек. Аты жонун жазсанар.Карапайым эне баласы м.н эптеп кулпунай сатып оокат кылып жатса акмактын кылганын кара. Ошол бала чоноюп келип бир жери жулуп койбосун. Болбойтда мындай. Ал деле элдин акчасына айлык алат
+2
edil.kg
2015-06-04 14:02:31
мердин кызматкери кооп калганго бир нерсе коргону калыптыр укук коргоо органдары эмне кылып жатышат
+1
baba.
2015-06-04 19:57:46
Шишик толуп калыптыр чамасы....шишигин чыгарыш керекко мындайлардын.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан