Өлкөдө 5 миң бала мектепте окубайт

Өлкөдө 5 миң баланын мектепте окубаганы жана 1000 баланын иштегени аныкталды. Муну бүгүн, 4-июнда балдарга арналган улуттук форум учурунда КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында 120 миң үй-бүлө текшерүүгө алынган.

Республикада жалпысынан 528 штаб түзүлүп, алар өткөргөн жумуштун жыйынтыгында 15 миңден ашык наристе эмгек мигранттарынын балдары болуп эсептелери аныкталды. 6 миңден ашык бала кароосуз калган. Мунун жыйынтыгында 229 бала реабилитациялык-кризистик борборлорго жөнөтүлгөн, 300дөн ашуун бала өз ата-энесине кайтарылган. 500 балага ар кандай жардам көрсөтүлгөн, бирок ошол эле учурда жакыр жашоонун айынан 69 бала балдар үйлөрүнө өткөрүлүп берилген”,- дейт вице-премьер-министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman97kg
2015-06-04 22:30:42
5мин бала эмес 6мин бала мектепке барбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан