Замир Бекбоев, депутат: "Партиянын тизмесиндеги алдынкы 30 адам гана парламентке келе алат"

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында президентти жана парламент депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Демилгечи депутат Замир Бекбоев сунуштагандай, саясий партиялардан талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү партиянын съездинин чечиминин негизинде бир жолу шайлоолордун жыйынтыктары боюнча жүргүзүү керек.

"Шайлоого катышчу партиянын тизмесиндеги алдынкы 30 адам гана парламентке келе алат. Тизмедеги 30-адамдан кийинкилер парламентке келе албаганын билишет. Мындан улам партия үчүн добуш топтоого аларга түрткү жок болууда",- деди демилгечи.

Депутаттар бул мыйзам долбоорун сынга алган соң Бекбоев аны кайтарууну суранды. "Мындай демилгени ушундай түрдө көтөрүү али эрте экени байкалды",- деп түшүндүрдү депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан