Быйылкы жылдын алгачкы 4 айында балдарга карата жасалган кылмыштар 10 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда балдарга арналган тегерек столдо ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы ушул маалда 329 кылмыш катталган болсо, 2015-жылы 362 учур болгон.
“Учурда 588 инспектор өспүрүмдөр менен иштешүүгө тартылган. Алар быйылкы жылдын алгачкы 4 айында “Өспүрүм”, “Кароосуз калган бала” жана “Камкордук” аталышындагы рейддерди жүргүзүшкөн. Натыйжада 1332 бала тентип, 45и спирттик ичимдик колдонуп, 59у тилемчилик кылып, 329у иштеп жана 18 бала өтө начар шарттарда жумуш аткарып жүргөндүгү аныкталган.
Айта кетсек, 2014-жылы өспүрүмдөр тарабынан 734 мыйзамсыз иш жасалган, бул көрсөткүч жалпы кылмыштардын 3,7 пайызын түзөт. Тилекке каршы, бул биздин коомдун оорусу. Аны менен жалгыз гана укук коргоо органдары эмес, коомчулук биригип, жапа тырмак иш алып баруу кажет”,- дейт Жапаркулов.