Жогорку Кеңеште мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүнүү жол-жоболорун кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал үчүн “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” жана “Маданият жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.
Иштеп жаткан мыйзамда маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын 30 пайызы республикалык бюджетке, ал эми 70 пайызы ошол имараттарга жумшалып келген. Азыр өкмөт ал каражатты 50х50 катышында бөлүү сунушун киргизүүдө. Алардын пикиринде, ижарадан түшкөн каражат көлөмү барган сайын өсүп жаткандыктан, ал имаратты күтүүгө багытталган каражаттын өлчөмү кыскарбайт.
“Мисалы, 2014-жылы ижарага берилген 2354 имараттан 38 миллион сом түшүүсү күтүлсө, жыл жыйынтыгында 62 миллион 200 миң сом жыйналды. Ал эми 2015-жылы 207 миллион сом каражаттын түшүүсү болжолдонууда. Эгер топтолгон каражат 50х50 катышында бөлүнө турган болсо, республикалык бюджетке да, мамлекеттик имартатты ээлеп турган мекеменин өзүнө да кыйла пайдалуу болот”,- дейт өкмөт өкүлү.
Талкуу жүрүшүндө каражаттын бөлүнүшүн кайра кароо сунушуна каршы пикирлер айтылды. Ошону менен бирге имарат ээси мамлекет экенин эске салуу менен жалпы калктын керектөөсүнө жумшала турган республикалык бюджеттин да кызыкчылыгын ойлоо зарылдыгы белгиленди.