Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 5-июндагы жыйынында к
ыргыз мамлекетинде массалык спортту өнүктүрүү боюнча чукул чаралар жөнүндө маселе каралууда. Талкуу учурунда депутат
Ирина Карамушкина өлкөдө дени сак жашоону өлкөнүн абройлуу жарандары үгүттөшү керектигин айтты.
"Мезгил-мезгили менен мамлекеттик мекемелер аралык мелдештер жүрүп турат. Парламенттин депутаттары да спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгышат. Ошондуктан спортту жайылтуу максатында депутаттардын жана чиновниктердин катышуусунда атайын видеотасмаларды даярдап, телевидениелерден көрсөтүп туруш керек. Биз социалдык жарнак жөнүндө мыйзам кабыл алганбыз. Мындан Дене тарбия жана спорт агенттиги толугу менен пайдаланышы керек",- деп сунуштады Карамушкина.
Мындан тышкары депутат чет өлкөгө эл аралык мелдештерге катышууга жөнөгөн спортчуларга жардам жана колдоо көрсөтүү максатында атайын фонд түзүү керектигин айтты.