Жалал-Абадда ар кандай кырдаал чыгып кетпеш үчүн коопсуздук күчөтүлдү

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы менен Жалал-Абад жаштар коому биргеликте коомчулукту ар кандай провокацияларга алданбоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев 5-июнда билдирди.
“Бул иш-чараны демилгелүү жаштар менен биргеликте алып барып жатабыз. Мунун натыйжасында коомчулукта жүрүп жаткан ар кандай провокациялардын алдын алып, мамлекеттин тынчтыгы үчүн элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт”,- деди Жээнтаев. 
Маалым болгондой, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын текшерүү максатында "чукул кырдаал" (тревога) көтөрүштү.
Белгилей кетсек, облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында “Менин мекеним - Кыргызстан” долбоорунун алкагында иш-чаралар өтүп келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан