Президент финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 6-июнда президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчынын куттуктоосу:

“Урматтуу финансы жана экономика тармагынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар -  Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

2015-жыл кыргыз өлкөсүндө Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланып, өлкөнүн атаандашууга жөндөмдүү, заманбап экономикасын калыптандыруу мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу милдети катары аныкталган. Мындан ары дагы элдин жашоосун жакшыртып, улуттук өндүрүштү, ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана жаңы жумушчу орундарын түзүү милдети коюлган. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында финансы-экономикалык чөйрөдөгү жакынкы жылдардагы артыкчылыктуу багыттарыбыз так аныкталган.

Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык бирликке кошулуп жатат. Интеграциялык процесс бизге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Евразиялык экономикалык бирликтин өлкөлөрүнүн рыногу үчүн кыргыз мамлекетинин товарларына жана кызматтарына жол ачылат. Улуттук экспорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, сапатты жогорулатууга, ата мекендик продуктулардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана өлкөбүзгө инвестициянын агымын күчөтүүгө көмөктөшөт. Бирликтин толук кандуу катышуучусу болуп, биз экономикабызды чыңдап, өнүккөн мамлекет катары калыптанууга милдеттүүбүз. Мындай жагдай сиздерге, финансы жана экономика кызматкерлерине өзгөчө жоопкерчилик артат.

Учурда өлкөбүздө бюджеттик систем реформаланып, бюджеттер аралык мамилелерди калыптандырууга жаңыча ыкмалар иштелип жатат. Ошондуктан мамлекеттик финансыны башкаруу ишинде коррупциянын түрдүү көрүнүштөрүнө чечкиндүү бөгөт коюу өзгөчө мааниге ээ. Мамлекеттин ар бир сому натыйжалуу пайдаланылып, өлкөбүздүн келечегине кызмат кылууга тийиш.

Финансы жана экономика чөйрөсүндө эң татаал маселелерди чече алчу, бардык кыйынчылыктарга туруштук берчү кесипкөй адистер эмгектенет деп ишенем. Сиздердин таза, ак ниет эмгегиңиздер өлкөбүздүн мындан ары чыңдалышына жана гүлдөп-өнүгүшүнө, элибиздин жашоосун жакшыртууга өбөлгө болот.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана көз карандысыз Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан