Жалал-Абад шаардык “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемеси акыр-чикир үчүн калктан өткөн жылдын ушул мезгилине 3 миллион 526 900 сом топтогон болсо, быйылкы жылдын ушул мезгилине чейин 7 миллион 827 960 сом топтоду. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Төлөнбек Бакиров билдирди.
“Мурунку өнбөгөн дебютордук карыздарга басым жасап чогултуп, ушул ийгиликке жетиштик. Мындан сырткары абоненттин санын тактоо, көбөйтүү иштерин жүргүздүк. Жалпы шаарда 102 миң калк бар болсо, 43 миң гана жашоочу акыр-чикир үчүн төлөмдөрүн төлөп келишкен. Көбү "бул жерде жашабайм, менден турмуш-тиричилик калдыктары чыкпайт" деп баш тартып келишкен",- дейт ал.