Камчыбек Ташиевдин "саясатты таштап Орусияга кетем" дегени чындыкка дал келбейт

Бүгүн интернет айдыңында "Камчыбек Ташиев саясатты таштап, биротоло Орусияга кеткени жатат" деген маалымат тараган. Ал сөздөр депутатка карата жүргүзүлгөн соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында камтылгандыгы айтылууда. Бирок "Ата Журт" лидеринин жактоочусу Икрамидин Айткулов: "Документтеги көрсөтмөлөр жалган. Ал сөздү Камчыбек Ташиев айткан эмес. Менимче, экспертизаны жүргүзүүгө Башкы прокурордун тиешеси бар",- деди. Жактоочу чындыкка дал келбеген маалымат үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу маселесин сотто көтөргөнү жатат. Өз кезегинде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү жогорудагы экспертизадан депутатты текшерүүдөн өткөрүүгө тиешеси жоктугун айтты. Мыйзамга ылайык, аталган экспертизаны тергөөчү дайындайт. Эгерде экспертизага жактоочу каршы чыкса, анда текшерүү сот аркылуу белгилениши керек.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан