9-июндан 11-июнга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 9-июнда күндүз жана 10-июнда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 9-июндан 12-июнга чейин абанын жогорку температурасына жана күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.