Чек араларга жакын жайгашкан аймактарда чыр-чатактардын алдын алуу максатында окутуу иштери жүргүзүлдү
Чек арага жакын жайгашкан бир катар аймактарда чыр-чатактын алдын алуу максатында "Актед" уюму тарабынан окуу семинары өттү. Семинарга коомдук активисттер, мугалимдер, айыл башчылары катышты. Уюштуруучулар SUPER.KG порталына кабарлагандай, тренерлер конфликтология жана медиация жөнүндө катышуучуларга түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.