Талас районунун Кырк-Казык айылындагы жол кырсыгынан 1 адам каза таап, 4 адам жабыркады

Талас районунун Кырк-Казык айылындагы жол кырсыгынан 1 адам каза таап, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-июнь күнү саат 00:55 чамасында болгон. Анда айдоочу Ауди С4 унаасы менен жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу каза таап, унаанын ичиндеги 4 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан