Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 8-июндагы жыйынында "Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө" конвенцияга кошулуу тууралуу" мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.
Долбоорго ылайык, бул конвенцияга кошулуунун максаты - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, эл аралык терроризмди жок кылуунун жана ядролук материалды мыйзамсыз жүгүртүүнүн, мыйзамсыз басып алуунун жана колдонуунун жыйынтыгында потенциалдык коркунучту жок кылуу. Аны менен бирге ядролук материалга жана ядролук орнотууларга карата саботажды жок кылуу максатында катышуучу мамлекеттер ортосунда максималдуу кызматташтыкты берет.