Ысык-Ата районундагы жол кырсыгынан 9 жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнь күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 6-июнь күнү саат 20:30 чамасында болгон. Анда Ивановка-Рот-Фронт унаа жолунун 12-чакырымында келе жаткан унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 9 жаштагы О.А. каза тапкан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.