Өкмөттө коррупцияга каршы ишмердикке мониторинг жүргүзүүчү жаңы бөлүм түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы
Темир Сариев Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы 8-июнда билдирди. Сариевдин айтымында, өкмөттүн чечим кабыл алуу мөөнөтүн тездетүү менен реформаларды жаңы деңгээлге чыгаруу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Ошондой эле ал өлкө экономикасындагы ишкердиктин орду чоң экенин билдирип, өкмөт бул тармакка колдоо көрсөтүү үчүн бардык чараларды көрүшү керектигин айтты.“Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу ири экономикалык пайда алып келет. Муну биз толугу менен колдонуп калышыбыз керек. Кыргыз мамлекетинде банк-каржылык чөйрөдөгү мыйзамдар либералдуу. Дүйнөдөгү кырдаалды эске алганда, биз аймактагы “каржылык терезеге” айланууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар”,- деди премьер-министр.