Жогорку Кеңеште депутат Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн жумушчу топтун төрагасы бүгүн 8-июнда шайланат. Тиешелүү чечим парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда кабыл алынды.
Айта кетсек, аталган комитеттин 25-майдагы отурумунда жумушчу топ түзүү сунушу менен депутат Эсенгул Исаковго Самаковдун адвокаты Икрамидин Айткулов кайрылганын айткан. Сунушка ылайык, депутаттар Самаковдун кылмыш ишинин саясий жагын эмес, жер боюнча маселени иликтемекчи. Ошол отурумда жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынганы менен, аны жетектөөдөн депутаттар баш тартышкан.
Самаков Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо кылмышына айыпталууда. Учурда ал үй камагында.