Бүгүн, 8-июнь күнү Ош шаардык кеңешинин 3-чакырыгынын негизинде кезектеги сессия өтүүдө. Ага шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов жетектеген шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Мэриядан кабарлашкандай, алгач төрага Ош шаардык кеңешинде эмгектенген аял депутаттарды өтүп кеткен Энелер күнү менен куттуктап, ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Ошондой эле шайлоочулары менен тыгыз иштешкендиги үчүн шаардык кеңештин депутаты Данияр Атабаевге, Ош шаарындагы спортту өнүктүрүүгө жана спорттук иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн бир катар депутаттарга Ардак грамоталарды ыйгарды.
Учурда сессиянын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралууда:
1. Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер;
2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы №105-“Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндө” токтомунун аткарылышы;
3. Ош шаарында билим берүү багытында аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу;
4. Жапалак аймактык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө;
5. Ош шаардык кеңешинин 2014-жылы кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы;
6. Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
7. Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү;
8. Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак жайлар боюнча жоболорду бекитүү жөнүндө №230-токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө;
9. Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө;
10. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №164-“Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
11. Ош шаарынын “Архитектуралык-шаар куруу кеңеши жөнүндө” жобону бекитүү;
12. Ош шаарындагы №1-автобекетти шаардын четине жылдыруу жөнүндө.