Түркия. Парламенттик шайлоодо президент Эрдогандын партиясы аз добуш жыйнап, Конституцияны өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылды

Түркияда 7-июнда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгууда. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын дээрлик 99 пайызы эсептелип бүткөнүн жарыялады. Шайлоодо жалпы 19 партия ат салышып, президент Режеп Тайып Эрдогандын партиясы - “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” берилген добуштардын 41 пайызын алды. Ал эми Элдик-демократиялык партиясы 11 пайыз добуш алып, алгачкы жолу парламентке кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бирок президенттин партиясы 260 мандатка ээ болуп, парламентте көпчүлүктү түзүүгө жете албады. 
“Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы 550 мандаттын үчтөн эки бөлүгүнө ээ болуп, Конституцияны өзгөртүп, президенттин бийлигин чоңойтууну максат кылган эле.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан