Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы: Сузактагы убактылуу кармоочу жайда эч кандай козголоң чыккан эмес

Сузак районундагы убактылуу кармоочу жайда эч кандай козголоң чыккан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июнь күнү убактылуу кармоочу жайда кармалгандардын бири укук коргоочуга кайрылып, милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылып жатышканын айткан. Укук коргоочу аталган убактылуу кармоочу жайга барганда эки камерадагы адамдар нымдуулуктан улам ар кандай оорулар менен ооруп жатышканын жана "Тез жардам" кечигип келерин айтышкан.

Арым массалык маалымат каражаттары козголоң чыкты деп жазышты, бирок ал жерде эч кандай козголоң чыккан эмес. Болгону 5 камеранын экөөсүндөгүлөр нымдуулук боюнча нааразычылыктарын билдиришкен. Учурда аталган убактылуу кармоочу жайда 40тан ашык адам бар. Камера 6 кишиге ылайыкталган, бирок орун жок болгондуктан, бир камерада 7-8ден киши отурат. Буга тергөө абагынын жоктугу себеп болууда”,- дейт Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан