Майып окуучулар жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай келишет

Жалпы республикалык тестирлөө майып бүтүрүүчүлөргө ыңгайлаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Бишкекте өткөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктук абалын талкуулоого арналган тегерек стол учурунда белгилүү болду. 

Иш-чарага келген азиз адамдардын коомдук фонддорунун өкүлдөрү: “Учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жалпы республикалык тестирлөөгө башка дени сак бүтүрүүчүлөрдөй катыша албай калып жатышат, анткени жалпы билим берүүчү мектептерде берилген билим менен биздин балдар алган билим эки башка. Демек, майып балдар ЖРТны тапшыра албай, жогорку окуу жайга өтүп окуй алышпайт экен да. Бул боюнча маселе каралып, аталган тестирлөө майып бүтүрүүчүлөргө ыңгайлаштырылса”,- дешти.

Бул сунуш боюнча тегерек столго келген КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Салтанат Мамбетова: “Жыл сайын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайга өтүп окуу үчүн квота берилет. Мисалы, 2014-2015-жылдары 100 орун бөлүнгөн, бирок жыйынтыгында 64 абитуриент гана тапшырып, алардын 19у ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болгон.

Ал эми республикалык сынакты майып бүтүрүүчүлөргө ылайыкташтыруу керектигине кошулабыз”,- дейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kubat_1973
2015-06-08 22:55:29
Бу да болсо билим министрлигинин шалаакылыгы да болбосо бирдей шарт тузуп берсе майып балдардын арасында окуп билим алсам элге керегим жараса дегендер ден соолугу таза балдардан Алда канча жакшы окугандар толтура да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан