"Манас райондук улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы кызматына таянып, элди эзип бүттү" дейт айыл тургуну

Манас райондук улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Тагай Абасбеков кызматына таянып, элди эзип бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынын тургуну Момок Садырбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Өткөн жылы Тагай Абасбековдун 3 торпогу бедеме кирип кеткенинен камап койгом. Буга өчөшкөн атасы менин унаамдын айнегин таш менен уруп сындырган. Бул боюнча райондук милицияга арыз жазгам, бирок алардан дайын жок. Алардын кордугуна бир гана мен эмес, бир катар айыл тургундары туш болушкан. Алсак, Мукаш Сарыгулов атасы менен айтышып койгону үчүн камалып, 1000 сом айып пул төлөп чыкты. Ошондой эле бир канча күн мурун Абасбековдун апасы коңшусунун кичинекей баласын сабап салган. Жабырлануучу тарап бул боюнча да арыз жазган. Айыл тургундары ата-энесине бир нерсе деп сүйлөгөндөн да коркуп калышты. Бир нерсе десең эле "балам чоң, каматам" деп коркутушат”,- дейт Момок Садырбаев.

Момок Садырбаевдин айтымында, Тагай Абасбеков Ак-Дөбө айылынын тургуну. Учурда ал Манас райондук улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ne-gramytnyi
2015-06-08 15:47:14
Буга окшогондорду АШАда жок крыла албайт
0
Medina87
2015-06-08 19:43:05
Баласы менен сыймыктануунун ордуна баласын жер караткан ата-эненин кылыгына тоообо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан