100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Кылычбек Арпачиевдин иши боюнча сот отуруму жылдырылды

100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Кылычбек Арпачиевдин иши боюнча сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Арпачиевдин ишин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карамак, бирок айыпталуучунун ооруп калгандыгына байланыштуу сот отуруму 25-июнга жылдырылган.

Айта кетсек, 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
chalkan
2015-06-08 16:37:12
100000 $ алып жатканда эмне оорубайт, тамагына тыгылып.
+2
RNA78
2015-06-08 16:49:15
Оорубай эле жакшына болуп сотко басып келсе тан калмакмын, албетте эми ооруп калып журо берет да, иши созулуп...
+2
Shai
2015-06-08 16:56:21
Арпачиедин дагы акчасы толук болбой калса керек да, сотторго бере турган акчасы. 100 мин доллар ооуууу, бирок ошончо долларга буто турган иш менимче ото мамлекетке чооон зыян алып келе турган иш болсо керек. Карматкан адамга да иш козгош керек.
+2
miraiymka
2015-06-08 17:13:23
ушул чиновниктер,чондор эле куйдуротта,сот болордо эле ооруп калат качып кетет,белгисиз причиналар менен жылып кетет иши кылып причина бар,а бечпра бир ксрапайым адамдын соту 1минута да жылбайт ооруп олуп баратса дагы
+2
Gulgamal
2015-06-08 17:24:03
Уят еле сен да оруп калдынбы неге акча аларда орубайсынар дарыланып кел сенда чет олкого барып
+1
A3A
2015-06-08 17:54:08
Ооруп калыптырбы??? Ха ха ха ))))))))
+3
baba.
2015-06-09 11:13:05
Бул деген шылтоо конгон адат.Жылдырыла берет акырында качырып жиберет билбейсинерби...
0
bahbrat
2015-06-09 16:11:08
Boldu jetishet emi. Marttan beri tergep sotko jetpei kalaby. Uialgylashy. Stalindin ybagyn dagydai kochmo sot yiyshtyryy kerek.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан