Араван районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Араван районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 15-май күнү милиция кызматкерлери тарабынан 43 жаштагы Өзбекстандын жараны кармалган. Ал район аймагында катталган бир канча мал уурулук фактылары боюнча айыпталууда. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми кармалган жаран Араван районундагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uragan007
2015-06-08 20:43:06
Тоо-Моюндан уурдалган малдарбы? Ал уурулар копчулук. бир тундо 7-8ден малды алып кетишкен. жакшы сурак кылыш керек. Алардын ошол айылдарда да агенттери бар. Ошол агенттерди да кошо камап, элден кочуп кетишин талап кылыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан