Бишкекте суу түтүгү жарылып, анда суу аркан бою атырылып, майда таштар абага учуп жатат. Окуя болуп жаткан жерден тартылган видео алгач социалдык тармактарда пайда болду. Андан соң окуянын күбөлөрү
SUPER.KG порталына окуя боюнча айтып беришти.
"Суунун атырылганы 30 мүнөт мурун башталган. Азыр деле тиешелүү чара көрүлө элек. Суунун атырылганы, майда таштардын сууга аралашып ыргыганы жанындагы дүкөндөргө таасирин тийгизип жатат. Ахунбаев көчөсүн суу каптап келе жатат",- дешти окуянын күбөлөрү.