Темир Сариев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту

Бүгүн, 8-июнда премьер-министр Темир Сариев Тажикстанга жасаган расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык бекемделип жана чыңдалып баратканын белгилешкенин билдирди. 

Темир Сариев жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү керектигине көңүл бурушту. Жолугушууда Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасы менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү боюнча өз өлкөсүнүн тийиштүү органдарына тапшырма бере турганын билдирди. Ошондой эле тараптар Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого жол аччу CASA -1000 долбоорунун маанисин да белгилешти. Муну менен катар жолугушууда Тажикстандан кыргыз мамлекетине эки тарапка ыңгайлуу шартта электр энергиясын экспорттоо боюнча маселени, Кытай-Кыргызстан-Тажикстан темир жолу, Түркмөнстан-Кытай газ куурунун курулушу жана аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан