Бишкекте катуу шамалдан бир нече унаа ээси зыянга учурады жана "Ала-Тоо" аянтындагы желектин тең жарымы айрылып калды (фото)

8-июнда болгон катуу шамал Бишкектеги айрым турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Дарактар кулап, жол четинде турган айрым унааларды басып калса, "Ала-Тоо" аянтында илинип турган желектин тең жарымы айрылып калды. Ошондой эле Бишкектеги көчөлөрдүн бириндеги жарнамалык такта кулап, бир нече унаанын үстүнө түшүп, жолду тосуп калды. 
Соңку маалыматтарга караганда, катуу шамал адам өмүрүнө зыян алып келген жок. Учурда Бишкек мэриясы тарабынан атайын оперативдүү штаб түзүлүп, кыйраган дарактарды жолдон алып салуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов социалдык тармактардагы өздүк баракчасына жазып чыкты. 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-июндан 11-июнга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдирди. Маалыматка ылайык, 9-июнда күндүз жана 10-июнда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 9-июндан 12-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Taku.14.02
2015-06-09 00:50:25
байкуш желегибиз жаман болгонго бышык деп мактап атты элего
+3
Eseke2013
2015-06-09 01:56:59
Taku.14.02, Биздикилер ошентип айта беришет да жаман болсо деле
+2
bossmos7
2015-06-09 01:27:53
Эми даагы бир нерсени !Ойлоп чыкла!Желек айрылса!Бул табийгаттын кучуно адамзаттын чыгармачылыгы азырынча туруштук бере албайт!!! Бере алган эмес!
+12
bom.bon
2015-06-09 02:10:41
Желек айрылса аны башка олколор башкача кылып жооруп алышы мумкун! Мындай озубузду уят кыла турган нерселерди чыгарбаган он.
+2
paula.90
2015-06-09 02:58:56
Айтырбай келген бодо кырсыктан сактасын Аллахым,12не чейин катту жамгыр жаайт экен деп жатышат,Кудайым озу сактап тынчылыгын берсин!;(;(
+2
Arzu.kg
2015-06-09 09:04:14
Кызык элебиз, желек акыры чупуроктон тигилген эле го? шамал катуу болуп бактар сынып атат, чупурок эмес. Дагы эмнени чыгарган жатасынар?
+6
maalym
2015-06-09 09:26:01
негизи аба-ырайы боюнча берилип жаткан маалыматтар так чыгып жатат, андыктан берилген маалыматтка карап алдын алуу иштери жүргүзүлсө да жакшы болот эле, элибиз бөөдө кырсыктан алыс болсун.....
+1
kama_future_millioner
2015-06-09 09:58:03
Кудайым бөдө кырсыктан сактасын
0
Bors
2015-06-09 10:41:34
Шамал башталганда дарактардан алыс болунуздар машинасы барлар машинанарды дарактын астына койбогула. Айылда жашагандар жаан катуу жааса адырга чыккыла туну уктабай сел келчу жерлерди козомолдоп тургула.
+1
aydarken
2015-06-09 10:54:35
Желекти айтасынарда,Эми желекти табийгат кырсыгы айрыды,а 13 жашар кызды дарак басып олтуруп эле койдуго !мынча кейидинер желек табыла турган нерсе а Адам омуручу,жазат десе эле ойдон кырдан жазабересинерби?
+5
Gulya.akbaralieva
2015-06-09 18:55:48
aydarken, сизге толук кошулам
0
Aksy-13
2015-06-09 13:07:34
кече кечке маал шамдан кийин ото катту шамал болдуго резско катту шамал баарыбызды коркутту Аллах сактасын аман эсен бололу!
0
Gulya.akbaralieva
2015-06-09 18:54:42
Ошончо катуу шамалда желек айрылмак турсун темир кулап жатат го. Желек жыртылат да тобо. Не анча жамандайсынар желекти жаман болсо деле жакшы дей беришет деп?. Чет жакта журуп окуган адамга жаман сезилет.
0
Memory
2015-06-09 21:54:14
Сактангыла жакшылып. Табигый кырсыктан эс ким кача албайт. Эн негизгизи адам омуру узулбосун. Калганы табылат.
0
Kitaioza
2015-06-10 01:13:24
Оо Аллахым пенделеринди табият кырсыгынан сакта,билип-билбей кетирген куноолоруен кечир.Оо адамзат Акырзамандын белгиси деп билсек болот андыктан журогубузго ыйман толсун.Баардык нерсенин берекеси кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан