Орусияда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 42 жаштагы кыргыз жараны бир канча жыл мурун жеке ишкердик жүргүзүү үчүн 300 миң сом насыя алып, бирок төлөбөй качып кеткен. Мындан улам ага “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Учурда аны Кыргыз Республикасына которуу маселеси чечилүүдө.