ЖКда Эсептөө палатасынын аудитордук кызматына Эльмира Ибраимованын талапкерлиги талаш-тартыш менен өттү

КРнын Эсептөө палатасынын аудитордук кызматына талапкер Эльмира Ибраимовага ЖКнын депутаттары добуш берүүгө келгенде талаш-тартыш жаралды. "Суроо бербей эле добуш берүүгө өтөлү", "жок, суроо берип, суроолорго жооп берсин" деп чыгышты депутаттар. Эл өкүлү Турсунбай Бакир уулу: "Эльмира айым, мен бетке айтам, өз учурундагы "Ак жол" партиясынын аскеримин. Бакиевдерден буйрук келмейинче эч нерсе аткарбайм" деген сөзүңүз эсиңизде бардыр. Эсептөө палатасына принципиалдуу адам барышы керек, суроо берилиши керек. Мен анын талапкерлигине каршымын",- деди. Ал эми депутат Исмаил Исаков: "Мен Эльмира айым менен убактылуу өкмөттүн учурунда иштегем, урматтайм. Бирок Каркыраны ким сатты эле? Эртең кылган ишибизге жооп бергидей бололу" деп анын талапкерлигине каршы болду. Ошентсе да, жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен анын талапкерлиги өттү. Өз учурунда ишеним көрсөткөнү үчүн Эльмира Ибраимова депутаттарга ыраазычылык билдирип, татыктуу иштөөгө сөз берди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан