Сокулук районундагы жол кырсыгынан 6 жаштагы кыз жабыркады

Сокулук районундагы жол кырсыгынан 6 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 7-июнь күнү саат 17:30 чамасында болгон. Анда Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну Мазда 626 унаасы менен 6 жаштагы А.Э. аттуу кызды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан