Өткөн сутка ичинде Бишкек шаарында 8 жол кырсыгы катталып, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 37 жаштагы Ш.К. аттуу айдоочу Ауди 80 унаасы менен Горький көчөсүндө жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Анын кесепетинен жабыркаган 13 жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.