Катуу шамалдын кесепетинен Бишкектин бир катар аймактарында электр жарыгы өчүк бойдон турат

8-июнь күнү катталган катуу шамалдын кесепетинен Бишкектин бир катар аймактарында электр жарыгы өчүк бойдон турат. Муну бүгүн, 9-июнда "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү бөлүмдөргө чалуулар түшкөн. 

Учурда Бишкектин Арча-Бешик конушунун түштүк-батыш бөлүгү, Эне-Сай конушунун түндүк бөлүгү, Кара-Жыгач конушунун чыгыш бөлүгү, Көлмө, Ынтымак, Дордой-2, Ак-Бата, Бакай-Ата конуштары, Боталиев, Щербаков, Махатма Ганди, Тоголок Молдо көчөлөрү менен чектелген аймактар, Садыгалиев, Мурманская, Дэн Сяопин көчөлөрү, Раззаков атындагы КТУ, эски аэропорт, Батыш автобекети, "Аламүдүн" базары, “Шоро” ишканасы, айнек чыгаруучу завод, Кара-Жыгач багы тарап, Месарош, Фучик, Жибек-Жолу, Осмонкул, Чоң Чүй каналы тарап, Школьная, Күрөңкеев, Элебесов, Фере, Васильев көчөлөрү, Туңгуч кичи району электр жарыгысыз турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан