Кадамжай районунда аткезчилик жүк менен кыргыз жараны кармалды

Кадамжай районунда аткезчилик жүк менен кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 8-июнь күнү аталган райондун Марказ айылынын тургуну Өзбекстандан Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик жол менен түстүү металл алып өтүүгө аракет кылган. Жүктүн баасы болжол менен 60 миң сомдун тегерегин түзгөн. Учурда бул факт боюнча тиешелүү материалдар толтурулуп, Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан