Кечээ, 8-июнь күнү саат 19:00 чамасында Лейлек районунун Кулунду жана Бешкент айыл аймактарында нөшөрлөгөн жамгырдын натыйжасында сел жүрүп, турак үйлөргө суу кирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сел суулары Кулунду айылында 15, Ак-Арык айылында 30, Интернационал айылында 12, Булак-Башы айылында 3, Раззаков айыл аймагында 10, Кайрагач айылында 78, Эски-Оочу айылында 65 турак үйгө кирген. Ошондой эле ички чарбалык жолдор, арыктар кум-шагылга толгон. Учурда келтирилген чыгымдар боюнча Жарандык коргоо комиссиялары иликтөө иштерин жүргүзүүдө.