Бишкек. Киев көчөсүндө троллейбус зымы үзүлүп, шаар борборунда тыгынды пайда кылды

Бишкек шаары кечээ, 8-июнда болуп өткөн катуу шамалдын кесепеттеринен дагы да болсо арыла элек. Бүгүн, 9-июнда Киев көчөсүндө бак кулап, троллейбус зымдарын үзүп кетти. Кулаган бак бир унааны басып калган. Мындан улам унаанын маңдайкы бөлүгү жабыркаган. 
Учурда Киев көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилди. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер зымдарды улаштыруу, бактын сыныктарын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Күбөлөрдүн айтымында, окуя 2 саат мурун болгон. 
Кошумчалай кетсек, Киев көчөсү аркылуу №9 жана №7-троллейбустар каттайт. Учурда 10го чукул троллейбус тизилип турат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан