Токтогул районундагы селден улам 1 турак үй жараксыз абалга келди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-июнь күнү саат 05:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасынан Ак-Жар айылында сел жүрүп, 25 үйдүн короолорун сел суулары каптаган. Андан сырткары 1 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, жараксыз абалга келген. Учурда кырсыктан улам келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.