Ысык-Ата районунун Будёновка айылында жашы 40тан өтүп калган аялды дарак басып калып, ошол жерден мерт болду. Маалым болгондой, 8-июнда катталган катуу шамалда өз үйүнүн жанында турган дарак сынып кетип, аны басып калган. Бул тууралуу 9-июнда
SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Айта кетсек, 8-июнь күнү шамалда Аламүдүн районундагы Дачное айылында бак кулап,
13 жаштагы кызды басып калган. Өспүрүм кыз ооруканага жеткирилип, эсине келе албай каза болгон.
Ошондой эле шамалда Бишкек шаарында бир нече бак жыгылып, унааларды басып калган. Андан сырткары бир катар
үйлөрдүн чатырына кулап, зыян алып келди.