Бишкектеги жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 9-июнь күнү саат 22:57 чамасында Манас жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 27 жаштагы айым жана 34 жаштагы эркек адам жабыркаган. Мындан улам экөө тең №4-шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.