Ысык-Көлдүн жээгиндеги жерлердин жеке жактарга мыйзамсыз берилиши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын, Кара-Ой айыл өкмөтүнүн жана Улуттук илимдер академиясынын кызмат адамдары “Балдардын ден соолугун чыңдоо” комплексине караштуу 3,30 гектар жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз берип коюшкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.