Баткен облусунда селден улам келтирилген чыгымдар эсептелүүдө (фото)

Баткен облусунда селден улам келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-июнь күнү саат 19:00 чамасында Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кулунду, Ак-Арык, Интернационал, Булак-Башы, Раззаков, Кайрагач, Эски-Оочу, Чоюнчу, Жар-Кыштак айылдарында сел жүргөн. Анын кесепетинен сел суулары турак үйлөргө кирип, бир канча турак үй жараксыз абалга келген. Ошондой эле сел суулары айдоо жерлерди каптап, ички чарбалык жолдорду бузган. Учурда селден улам келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
marmilantka
2015-06-10 10:24:47
Ииии аябай жаман болуптурго, тез арада жардам бербесе елдери кыйналат
+2
bossmos7
2015-06-10 11:17:06
Жараткан сакта !
+2
Shai
2015-06-10 17:42:40
Кудай сактай кор. Эми депутейшин болом дегендер шайлоого келсе уйлорунорду курдуруп алгыла анан шайлайбыз деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан