Акыркы 5 ай ичинде өлкө аймагында 2499 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 пайызга аз. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынан 5 ай ичинде 330 адам каза таап, 3558 адам жабыркаган. Ал эми жаш балдардын катышуусунда 457 жол кырсыгы катталып, 25 бала каза тапкан. Ошондой эле 512 бала ар кандай жаракаттарды алган.